КЫШТОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫШТОО – кышында пайдаланылуучу талаа ж-а кышкы жайыт; малчылардын кышкы жайы. К. аз чыгым м-н этти арбын өндүрүүгө мүмкүндүк берген. Суусамыр, Арпа, Ак-Сай, Кара-Кужур, Ак-Шыйрак сыяктуу К-лордо мал (жылкы, топоз, кой-эчки ж. б.) кышкысын жайытта багылган. К-нун оту шыбак, бетеге, тулаңдуу келип, бирок витамин м-н белок жокко эсе болгон. Учурда колхоз-совхоздор тарап, дыйкан чарбасы уюшулгандыгына байланыштуу К. сейрек пайдаланылат.