КЫТАЙ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫТАЙ ЖАЗУУСУ – сөз же морфемаларды туюнтуу үчүн иероглифтер пайдаланылган жа­зуу. Иероглифтер б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде пайда болгон. Б. з. 1-к-нда иероглиф­терди жазуунун азыркыдай стили – к а й ш у («үлгү жазуу») иштелип чыккан. К. ж-ндагы

жалпы белгилердин саны болжол м-н 50 миң. Азыркы кытай тилинде анын 4–7 миңи пайда­ланылат. Кытай салтында иероглифтер 6 кате­горияга бөлүнөт. Азыр аларды 3 топко ажыра­тышат: 1) п и к т о г р а м м а л а р м-н и д е о­г р а м м а л а р. Буларга байыркы жөнөкөй белгилер кирет; 2) ф о н о г р а м м а л а р (иероглифтердин көбү) – сөздүн маанисин ж-а айтылышын туура табууга жардам берүүчү «ач­кычы» бар татаал белгилер; 3) «кабыл алын­ган» и ерогли фт ер – му рда бел ги л үү би р түшүнүктү туюнтуу үчүн колдонулуп, кийин башка сөздү белгилөө үчүн пайдаланылып кал­ган иероглифтер.