КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ – эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-ж. КР Президентинин ж-а КР Өкмөтүнүн жарлыгы м-н уюшулган. Ун-т европ.-амер. жаңы структуранын негизинде иштейт. Социалдык-гуманитардык ф-ттери, Укук ж-а бизнес, Эл аралык медицина жогорку мектептери, Чет тилдер, Мультимедиа, Менежмент, Бизнес, Туризм, Аралыктан билим берүүдөгү Кыргыз-Россия, Кыргыз-Индия (Индиядагы И. Ганди ун-ти м-н бирдикте) ин-ттары, Эл аралык билим берүү академиясы, Эл аралык билим берүү борбору, 5 ИИИ, о. эле юриспруденция, экономика, информатика, системалык анализ ж-а башкаруу, менежмент б-ча 2 жылдык магистратура ж-а 2 коллежи бар. Укук, бизнес ж-а компьютердик технология б-ча Каракол, Ош, Жалал-Абад ш-нда филиалдары ачылган. Окуу бюджеттик ж-а контракттык негизде күндүзгү ж-а сырттан

окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Кадрларды даярдоодогу окуу-методикалык иштери ыңгайлуу шартта бөлүштүрүлүп, адис профессорокутуучулар, белгилүү окумуштуулар эмгектенишет. Ректору – А. Айдаралиев (1993-жылдан).