КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ЭКОНОМИСТИ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген эконо­мисти. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Прези­диумунун 1966-жылдын 22-августундагы ж-а 1970-жылдын 30-ноябрындагы жарлыктары м-н белгиленген. 1991-жылдан КР Президенти­нин жарлыгы м-н ыйгарылат. Орто же жогор­ку билими бар, адистиги б-ча кеминде 15 жыл иштеген ж-а коомдук өндүрүштүн натыйжалуу­лугун жогорулатууда өзүнүн практикалык же ил. иши м-н өзгөчө айырмаланган, КРдин фи­нансы, банк, статистика органдарынын, ишка­наларынын, курулуштарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жогорку квалификациялуу эконо­мисттерине, бухгалтердик эсеп кызматкерлери­не берилет.