КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – Борб. Азиядагы ири музейдин бири; 1925-ж. 9-декабрда уюшулуп, Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору ж-а анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. Аб­рамзон болгон. 1930-жылдан этногр. ж-а табият таануу б-ча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-ж. А. Н. Берн­штамдын жетекчилиги м-н тарых-археол. бөлү­мү түзүлгөн. С. Керимбаев, К. Үсөнбаев, К. И. Ан­типина, В. Я. Галицкий ж. б. окумуштуу-тарых­чылардын демилгеси м-н 1947-ж. музейдин соц. курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зен­ковдун долбооруна ылайык 1967-ж. музей му­рунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан има­ратка көчүрүлгөн. 1973-ж. 28-декабрда 3500 м2 аянтка (45 зал) КРдин жалпы тарыхына байла­ныштуу байыркы палеолит доорунан XX к-дын 80-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, ил. мазмуну ж-а көркөмдөлү­шү б-ча бул экспозиция Борб. Азия аймагында­гы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-ж. В. И. Ленин атн. Борб. музейдин фи-

лиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыр­кы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, а. и. 48 миңи өтө маанилүү эсте­лик болуп эсептелет. Саймалуу-Таштагы таш сүрөт көчүрмөсү; коло доору, сак мад-тына таан­дык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмда­ры; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн та­былган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (б. з. I–V-к.), Түрк ка­гандыгына таандык таш жазуулары ж. б. ар­хеол. ж-а этногр. баалуу коллекция болуп сана­лат. Үркүнгө байланыштуу эстеликтер чогултул­ган. О. эле кыргыз элинин салттык мад-тынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык ж. б. бар. Өзгөчө дата, юбилей ж. б. карата ил. конф-я, көргөзмө­лөр уюштурулат, ил. изилдөө иштери жүргүзү­лөт. 1925–33-ж. Кырг-ндын Борбордук музейи, 1933–43-ж. Мамл. край таануу музейи, 1943– 54-ж. Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамл. тарых музейи.

Ж. Медералиева.