КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫ (КММА): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИ́НА АКАДЕМИЯСЫ (КММА) И. А х у н б а е в а т н. – респ-када врачтарды даярдоочу ЖОЖ. 1939-ж. Фрунзе ш-нда Кыргыз мамлекеттик мед. ин-ту (КММИ) болуп уюшулган. Улуу Ата Мек. согуш жылдарында Харьков мед. ин-ту көчүп келгенден кийин КММИнин кафедралары ж-а кли-
никалары толук уюштурулуп бүткөн. 1943-ж. КММИни алгачкы 120 врач бүтүрүп чыккан. 1996-ж. академия болуп уюшулуп, КММА деп аталган. КММАнын окуу процессинде үзгүлтүксүз кесиптик орто, жогорку, кошумча ж-а ЖОЖ-дон кийинки кесиптик билим алуу м-н бирге ил. из. ж-а клиникалык иштер, о. эле фундаменталдык ж-а колдонмо ил. из. жүргүзүлөт. КММАнын курамында дарылоо, педиатрия, стоматология, чет элдик жарандарды окутуу, жогорку медсестра кызматы ф-ттери ж-а фармация, коомдук саламаттык сактоо ж-а башкаруу ин-ту, мед. окуу жайы бар. Мындан тышкары дипломдон кийинки билим берүү ин-ту,

Мед. ж-а биол. фундаменталдык маселелерди ИИИ ж-а Эл аралык кызматташтык борбору иштейт. КММА 65 жыл ичинде 30 000ден ашуун жогорку квалификациялуу мед. адистерди, илимдин 49 докторун, 882 кандидатын даярдаган. КММИде ж-а КММАда ар кайсы мезгилдерде И. К. Ахунбаев, А. А. Айдаралиев, Ф. Н. Нургазиева, В. А. Исабаева, С. Б. Данияров, А. Мурзалиев, И. К Акылбеков, Д. А. Адамбеков директор, ректор болуп иштешкен. 2010- жылдан президенти – А.
Зурдинов