КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНА АКАДЕМИЯСЫ (КММА): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИ́НА АКАДЕМИЯСЫ (КММА) И. А х у н б а е в а т н. – респ-када врачтарды даярдоочу ЖОЖ. 1939-ж. Фрунзе ш-нда Кыргыз мамлекеттик мед. ин-ту (КММИ) болуп уюшулган. Улуу Ата Мек. со­гуш жылдарында Харьков мед. ин-ту көчүп кел­генден кийин КММИнин кафедралары ж-а кли-


никалары толук уюштурулуп бүткөн. 1943-ж. КММИни алгачкы 120 врач бүтүрүп чыккан. 1996-ж. академия болуп уюшулуп, КММА деп аталган. КММАнын окуу процессинде үзгүлтүксүз кесиптик орто, жогорку, кошумча ж-а ЖОЖ-дон кийинки кесиптик билим алуу м-н бирге ил. из. ж-а клиникалык иштер, о. эле фундамен­талдык ж-а колдонмо ил. из. жүргүзүлөт. КММАнын курамында дарылоо, педиатрия, сто­матология, чет элдик жарандарды окутуу, жо­горку медсестра кызматы ф-ттери ж-а фарма­ция, коомдук саламаттык сактоо ж-а башка­руу ин-ту, мед. окуу жайы бар. Мындан тыш­кары дипломдон кийинки билим берүү ин-ту,

Мед. ж-а биол. фундаменталдык маселелер­ди ИИИ ж-а Эл аралык кызматташтык борбо­ру иштейт. КММА 65 жыл ичинде 30 000ден ашуун жогорку квалификациялуу мед. адис­терди, илимдин 49 докторун, 882 кандидатын даярдаган. КММИде ж-а КММАда ар кайсы мез­гилдерде И. К. Ахунбаев, А. А. Айдаралиев, Ф. Н. Нургазиева, В. А. Исабаева, С. Б. Дания­ров, А. Мурзалиев, И. К Акылбеков, Д. А. Адам­беков директор, ректор болуп иштешкен. 2010- жылдан президенти – А.

Зурдинов