КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ (КМИИ): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ИСКУССТВО ИНСТИТУТУ (КМИИ) Б. Б е й ш е н а л и е в а а т н. – респ-дагы жогорку муз. билим берүүчү окуу жайы. 1967-ж. Фрунзеде уюшулган. 1974-ж. интка Б. Бейшеналиеванын ысмы берилген. Адегенде ин-тта 14 кафедрадан турган 3 ф-т (фортепьяно – теор., вокалдык-оркестрлик, маданийагартуу иштери) ж-а сырттан окуу бөлүмү болсо, 1993-ж. социалдык-маданий ишкердүүлүк, хор ж-а оркестрди дирижёрлоо, театр ж-а кино

ф-ттерине 12 багыттагы 24 кесиптик адистерди [хор коллективинин, социалдык-маданий тейлөөнүн, эл аспаптар, эстрада оркестрлеринин, фольклор ансамблинин, хореогр. коллективдин менеджерлерин, актёрдук иск-во, хореография режиссёру, үн режиссёру, адабий чыг-лык (киносценарий), театр таануу, кино таануу, муз. билим берүү, экономика ж-а башкаруу] даярдай баштаган. 1992-жылдан эстрада оркестрлеринин, ансамблдердин жетекчилерин, актёрлорду, режиссёрлорду, педагог-хореографтарды даярдайт. 1996-ж. «Музыка жана ырдоо» кафедрасы ачылып, анда жалпыга билим берүүчү мектептердин музыка мугалими даярдалат. Ректорлору: Т. Мусулманкулов, Н. Давлесов, К. Сартбаева, К. Молдобасанов, А. Асакеев, 2000-жылдан С. Субаналиев.