КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ (КМДТСА) – Кырг-нда спортчуларды, машыктыруучуларды ж-а дене тарбия мугалимдерин даярдоочу ЖОЖ. 1955-ж. КМУнун дене тарбия ф-тинин базасын­да уюшулган. Имараты 1964-ж. курулган (арх. Е. Г. Писарской). Академияда педагогика, спорт, баштапкы аскердик даярдоо, адистерди кайра даярдоо ф-ттери, сырттан окуу ж-а даярдоо бөлүмдөрү, адистештирилген 16 кафедра (жеңил атлетика, туризм жана сууда сүзүү спортунун түрлөрү, күрөш, спорттун улуттук түрлөрү, фут­бол, спорттук медицина, педагогика, психоло­гия, дене тарбия тарыхы ж-а менеджмент ж. б.), 400 орундуу эки жатакана, лыжа ж-а турист-


тик база, жеңил атлетика стадиону, сууда сүзүү үчүн бассейн, адистештирилген гимнастика, оор атлетика, күрөш, бокс, баскетбол, волейбол зал­дары, ил. лабор., китепкана бар. Жеңил атле­тика ж-а футбол манеждери иштейт. Окуу жайда 129 жогорку классификациялуу адис, а. и. 4 илимдин доктору, 37 кандидаты, 32 доцент, 5 проф., СССРдин ж-а КРдин эмг. сиң. 16 машык­тыруучусу, элге билим берүүнүн 35 отличниги, КРдин илимге, маданиятка эмг. сиң. 7 ишмери ж. б. эмгектенет (2012). Уюшулгандан бери жо­горку билимдүү 15 миңден ашуун адис даярдал­ган. Ил. иштер тоолуу региондун факторлорун эске алган спорттук машыгууларды ж-а дене тар­бия иштеринин өзгөчөлүктөрүн изилдөө м-н бай­ланышкан. 1995-ж. Жалал-Абадда филиалы ачылып, анда жалпысынан 350дөй студент билим алат. КМДТИнин алгачкы ректору Л. Ф. Егупов (1955–59-ж. болгон), 2009-жыл­дан – Т. Иманалиев.