КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ К. О р о з о в а т н. – муз. коллектив. 1936-ж. Кыргыз мамл. филар­мониясында Кыргыз эл аспаптар оркестри де­ген ат м-н уюшулган. 1961-ж. К. Орозовдун ысмы берилген. КРдин иск-восуна эмг. сиң. коллек­тив. Оркестр добуштарынын угумдуулугу жак­шыртылган, мүмкүнчүлүгү кеңейтилген кыл кыяк-прима, кыл кыяк-альт, кыл кыяк-бас ж-а кыл кыяк-контрабас, комуз-прима, комуз­секунда, комуз-альт, комуз-бас ж-а добулбастан турат, оркестрге, о. эле гобой, флейта, фагот, англ. рожок, бас-кларнет, флейта-пикколо ж-а төрт кылдуу домбра-тенор, биринчи, экинчи партиядагы домбра-прима ж. б. аспаптар кош­толуп ойнолот. Оркестрдеги кыргыз эл аспап­тары (комуз, кыл кыяк) биринчи жолу 1935-, 1938–40-, 1952–53-ж. жакшыртылган. Оркестр­де темир комуз да пайдаланылат. Оркестрдин уюштуруучусу ж-а алгачкы көркөм жетекчиси, башкы дирижёру (1936–49) комп. П. Ф. Шубин, туңгуч аткаруучулары Муратаалы, Карамолдо, Чалагыз, Молдобасан, Калык, Ыбырай, Осмон­кул, Атай, Муса сыяктуу залкар комузчулар болгон. Алар чыгармаларды нотанын жардамы­сыз (угуу м-н) ойношкон. Оркестрдин биринчи көрсөтмө-сыноо концерти 1936-ж. 18-майда Фрунзеде комузчулар Карамолдо, Молдобасан, ырчылар Абдылас, Муса, А. Боталиев, А. Кут­тубаеванын ж-а муз. драма театрынын хору­нун катышуусу м-н өткөн. Концертте Атайдын «Эсимде», Муратаалынын «Ботой», Абдыластын «Кызыл атчандар» ж. б. ыр-күүлөр аткарылган. Оркестр 1939-, 1958-ж. кыргыз иск-восунун Москвада өткөн он күндүктөрүнө, О. Азия респ­ларынын ж-а Казакстандын биринчи (Фрунзе, 1942), экинчи Ташкент (1943) муз. он күндүк­төрүнө катышкан. 1940-жылдарда С. Медетов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов өңдүү таланттуу жаштар м-н толукталган. Оркестрде ар кай­сы жылдарда Ш. Шеркулов, Б. Кулболдиев, Б. Эгинчиев, А. Эшмамбетов, М. Козубекова, Т. Карымшаков, К. Үкүбаев, Б. Жандаров, А. Аса­кеев, Ч. Исабаев, Ж. Кыпчаков, Р. Мадварова, К. Кадыралиев, С. Токтакунова ж. б. белгилүү музыканттар ойногон. Оркестрдин коштоосун­да С. Кийизбаева, С. Бекмуратова, А. Мырза­баев, С. Токтоналиев, Г. Валиулина, С. Суран­чиева, Г. Момушева, З. Шакеева, кийинки жыл­дары А. Ибраев, У. Полотов, Э. Мойдунов, Д. Жалгасынова ж. б. ырчылар ырдаган, азыр К. Турапов, М. Дүйшөкеева, Т. Исабекова, Б. Бай­келова, Т. Черикчиева, Г. Байзакова, Ч. Төрөбе­ков, С. Балтаева ж. б. ырдашат. Курамындагы аткаруучулар (60) негизинен муз. окуу жайла­рын ж-а Б. Бейшеналиева атн. КМИИни бү­түргөн. Оркестр кыргыз композиторлорунун ыр­күүлөрүн, о. эле дүйнөлүк классиктердин чыгар­маларын аткарат. 1967-ж. оркестрдин коллек­тиви профессионал коллективдердин бүткүл союздук кароосунун лауреаты деген наамды же­ңип алган. Түркия, Кытай, КМШ өлкөлөрүндө ж. б. гастролдо болгон. Оркестрдин башкы ди­рижёрлору: Ш. Орозов, А. Аманбаев, Ф. Наза­ров, Ш. Аралбаев, Б. Феферман, Н. Давлесов, А. Жумакматов, Э. Жумабаев, С. Жумалиев, Т. Томотоев, Б. Тилегенов, 2005-жылдан С. Ак­маталиев. Б. Алагушов.