КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУССТВОСУ – иск-вонун живописи– скульптураны– графиканы– о. эле фотоиск-вону бириктирүүчү бөлүгү. Чындыктын тааныш– көргөзмөлүү образы К. с. и-нун чыгармаларынын негизин түзөт. Өзгөчөлүгүнө жараша К. с. и-нун ар бир түрү курчап турган дүйнөнүн көлөм– түс– мейкиндик сыяктуу сапатын– о. эле предметтердин чыныгы формасын ж-а жарык-аба чөйрөсүн өзүндөй чагылдырат. Ошого карабастан көп чыгармалар окуянын убактылуу өөрчүүсүн– күчөтүлгөн баяндаманы камтышы мүмкүн. К. с. и. адамдын жан-дүйнөсүн– кулк-мүнөзүн ачып көрсөтүп– окуянын психол. ж-а эмоциялык мазмунун чечмелөөсү мүмкүн– б. а. ошол доордун руханий– эстетикалык– филос. ж-а этикалык идеялары К. с. и-нун маанимазмунун түзөт. Адамдардын аң-сезиминин өсүшү ж-а алардын дүйнөгө көз карашынын калыптанышы м-н элдик идеяларды чагылдыруунун формасы катары К. с. и-нун мааниси артууда.