КӨМҮРДҮ АКТИВДЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨМҮРДҮ АКТИВДЕШТИРҮҮ — таш көмүр же
жыгач көмүрүн чайыр сыяктуу заттардан ажыратып, көп сандаган майда көзөнөкчөлөрдү пайда кылуу. Беттери жогорку сапатка ээ болгон
көмүрлөр көптөгөн заттарды (углеводдор ж-а
алардын туундулары - эң жакшы, ал эми спирт,
аммиак, суу ж. б. начар адсорбцияланат) өзүнө
сиңирип алуу касиетине ээ болот. Кээ бир полимерлер көмүрдү термиялык жол м-н эзип, жибитип (абасыз көмүргө айландырууда), өтө майда
көзөнөкчөлөрдү пайда кылат. Өтө майда
көзөнөкчөлүү көмүрлөр аз заттар болсо деле сиңирип алууга жөндөмдүү келет. Ири көзөнөктүүлөрдө капиллярдуу конденсация процесси жүрөт.
К. а. өтө керектүү орг. заттарды алууда, суулуу
эритиндилерден орг. бирикмелерди бөлүүдө, соргучтарды жасоодо, ичеги-карындагы зыяндуу
заттарды тазалоодо колдонулат, к. Адсорбция.