КӨМӨЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨМӨЧ - көмөч казанга жабы­лып, оттун чогуна көмүлүп бы­шырылган нан (к. Көмөч казан). К-түн бир нече түрү бар. Жумурт­ка, пияз кошулуп, сүткө жуурулган камырды (ачыган) жука жайып, бетине туурамжы (май­даланган сулп эт, ич май, пияз, сарымсак ж. б. татымалдар) салып, үстүнө дагы бир кабат жука жайылган камырды беттеп жаап, четтерин бе­китип, аны көмөч казанга жаап, бышканча чок­ко көөмп коёт. Мындай К. каттама К., кура­мында ич май болсо, май К., жүгөрүнүн загыра­сы кошулса, загыра К., пияз аралашса пияз К. деп аталат.