КӨК БУУРЧАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК БУУРЧАК – жашылча буурчагынын жак­шыртылган сортунун даны. Жаңы кезинде же консерваланган түрдө тамак-ашка пайдаланы­лат. Консервалануучу буурчакта орт. 16–22% кургак зат, а. и. 5–8% кант, 3–7% крахмал, 4– 7% азоттуу заттар, 1,5% минерал туздар, 20– 40 мг % С витамини, каротин ж-а В витамин­дери болот. Консерва сырьёсу катары пайдала­нуучу К. б. дүмбүл кезинде орулат, данынын формасы б-ча ал жылма дандуу, бырыш дандуу ж. б. болуп бөлүнөт. Бырыш дандуу К. б-тын сабагы анча узун эмес, текши гүлдөп, текши бы­шат. Сабагы силостолуп, даны консерва з-дуна жиберилет.