КӨК БАЗИНДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨК БАЗИНДЕР (Gentianaclal) – өсүмдүктөрдүн
эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Көпчүлүгү бир, көп жылдык чөп. Сабагы түз, тик жайгашкан. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакка тегеректешип же тушташ өсөт. Гүлү сабактын учунда же жалбырак колтугунда бирден же топ гүлдү пайда кылат, түсү ак, сары, көк, кызгылткөк. Алар эки жыныстуу, туура түзүлүштүү, 4–
5 (6–12) мүчөлүү, үстүңкү энеликтүү. Мөмөсү –
көп уруктуу кутуча. 70тен ашуун уруусунун түрү мелүүн ж-а субтропик зоналарын тоолуу аймактарында кездешет. Кырг-нда К. б-дин 5 урууга кирген 7 түрү бөксө ж-а өтө бийик тоо шалбаасында, нымдуу боздоңдо, сазда, булак, суу ж-а көл жээгинде өсөт. К. б-дин бардык түрүндө ачуу гликозиддер бар, ошондуктан дары-дармек жасоодо кеңири колдонулат. Айрым түрү гүлзарда
өстүрүлөт.