КӨЗ ӨЛЧӨӨ СЪЁМКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨЗ ӨЛЧӨӨ СЪЁМКАСЫ – жер бетинин түзүлүшүн жөнөкөй курал-жабдыктар, аспаптар м-н кагазга түшүрүү. Мында чийме чие турган кагаз (тактага бекитилген планшет), компас, визирлүү сызгыч колдонулат. Жер бетинин түзүлүшү кагазга чийме түрүндө түшүрүлөт. Ара­лык, кадам өлчөгүч, спидометр же көз болжолу м-н, багытты компастын жардамы м-н анык­талат. Визирлүү сызгычты багыт б-ча коюп, ара­лык чекит м-н белгиленет. Кээ бир элементтер эки же үч кесилүүчү сызыктар м-н аныкталат. Экинчи чекит мурдагы биринчи чекит б-ча так­талат. Шарттуу белгилер, масштаб берилет.