КӨЗ БООЧУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨЗ БООЧУ (фокусчу– иллюзионист) – көрүүчүнүн көңүлүн алаксытып– чыныгы нерсени бурмалап ишендирүүгө машыккан эстрада ж-а цирк артисти. Ар кандай буюмдарды көз көрүнөө жок кылып же жоктон бар кылып– «таң каларлык» кубулуштардын пайда болуусуна ишендирүү үчүн алар көбүнчө байкалбаган кыймыл-аракет жасап– айрым учурда татаал аппараттарды ж-а механизмдерди пайдаланышат. К. б-лардын айрым номерлери химия– физика закондорунун жардамы м-н көптөгөн адам– айбанат катышкан театрлашкан программа түрүндө да көрсөтүлөт. Көрүнүктүү орус К. б-лары: Э. Кио– А. Акопян– Кырг-нда Ф. Мукушева.