КӨГАРТ АШУУСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨГАРТ АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде. Көгарт суусунун башынан орун алган. Бийикт. 3319 м. Ашуунун бели түзөң, түн.-чыгыш капталы тигирээк, түш.-батышы бир аз жантайыңкы. Негизинен силур м-н девондун мрамор, сланец, акиташ тектеринен турат. Кышында калың кар жатат. Июнь–сентябрь айларында ачык. Сузак ж-а Тогуз-Торо райондорун байланыштырган автомобиль жолу өтөт.