КӨБҮРГӨН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨБҮРГӨН , п а н а р и ц и й – манжа тканда­рынын ириңдүү сезгениши. Манжанын тырмак тушундагы кесилген, сыйрылган, тикен кирген жер аркылуу ириңдетүүчү микроб киргенден К. териде, тырмак астында, түбүндө (үстүнкү) ж-а тарамышта, муун сөөктө, тери астында (терең) пайда болот. Үстүнкү К-дө теринин эпидермис катмары ириңдейт. Тырмак жанындагы К-дө анын түбү кызарып, ириңдейт. Ириң тырмак астына өтүп кетсе, ал тырмакты алып салма­йынча айыкпайт. Терең жайгашкан К. манжа­нын ички жагындагы тери астынан башталат. Ал жерде тери калың болгондуктан, ириң сыртка чыга албай, ал тарамыш, муун, сөөккө чейин өтүп кетиши мүмкүн. Тери астындагысы такай сайгылашат, түнкүсүн ооруйт, сезгенүү муунга же тарамышка тарап кетсе, манжа кыймылда­бай калат. Ириңдетүүчү микробдор лимфа ж-а кан тамырлар аркылуу тарап, ар кайсы орган м-н ткандарды сезгентет ж-а сепсис пайда кы­лышы мүмкүн. Ал көпкө айыкпаса, сезгенүү алакан, каруу, билекке өтүп, оор хирург. опера­ция жасоого туура келет. Алдын алуу үчүн өн­дүрүштө ж-а үй тиричилигинде жеке тазалык эрежелерин сактоонун мааниси чоң.