КӨБӨӨ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨБӨӨ – кийим (ичик, кементай, тон, чепкен, тери шым, белдемчи ж. б.), баш кийим (калпак, шөкүлө ж. б.), бут кийим ж-а үй буюмдарынын (күзгү кап, аяк кап, баштык, төшөк, көлдөлөң ж. б.) айрым бөлүктөрүнүн (жака, этек, жең, багалеги, кырбуу, конч ж. б.) жээгине карматылган кыюу. К. катары кездеме, киш, көрпө, кийиз, таар пайдаланылган. Жасалган буюмга ылайыкталып, айрым К-лөр саймаланат. Көрпө, териден жасалган буюмдар кездеме м-н К-лөнөт. Эл арасында: «Көбөө келсе көйкөлөт, жака келсе жайкалат» деген макал ошондон улам айтылса керек.