КОШУМЧА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КОШУМЧА – жардам катары бирөөгө берилген каражат же акча. Жаманчылык же жакшылык­та, доого же кунга жыгылганда, аш-тойдо, калың төлөөдө ага-тууган, жек-жаат, сөөк-та­мыр тарабынан К. берилет. Ар ким алына жа­раша акча, мал, кийим, эгин-тегин, чөп-чар, отун-суу, машина ж. б. айтат. Тууган ичинде колунда жоктордо жаманчылык (өлүм-житим) болсо, туугандар биригип, ортодон мал чыга­рып союп, жеңилин жерден, оорун колдон алат.