КУТМАНАЛИЕВ Орозбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КУТМАНАЛИЕВ to КУТМАНАЛИЕВ Орозбек) |
(Айырма жок)
| |
11:37, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУТМАНАЛИЕВ Орозбек (10. 5. 1932, Чүй облусу, Сокулук району, Шалта айылы – 4. 1. 2005, ошол

эле жер) – кино жана театр артисти, төкмө акын, режиссёр, дастанчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн (1971). Эмгек жолун 1955-жылы Республикалык куурчак театрында артист болуп баштаган. 1965-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист, 1969-жылы Кыргыз ССРинин телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мамлекеттик комитетинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында дубляж боюнча режиссёр, 1992-жылдан «Салам-Алик» кинофирмасында кеңешчи. Ал Осмонкул, Ы. Борончиев, А. Айталиев, Т. Тыныбеков өңдүү кыргыз акындарынан таалим алган. Төкмөлүк
салтты улантып, айтыш өнөрүнүн өнүгүшүндө да өз орду бар. «Ак Мөөр», «Карагул ботом», «Курманбек» дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Б. Алыкулов, Ысмайыл жана башка акындардын термелерин, ырларын комузда өзү коштоп, чебер аткарган. «Жүрөктү жүрөм дарылап», «Айдай кыз» (сөзү К. Алмазбековдуку), «Кыйнабай жүрчү» (өзүнүкү), «Гүлдесте» (З. Иманалиев) жана башка ырларга обон чыгарган. Көркөм окуунун да чебери болгон. Отуздан ашык киного тартылган. Бектемир, Орозкул, Арзымат, Бейшембек (Б. Шамшиев,

«Сүйүү жаңырыгы», 1974; «Ак кеме», 1975; «Фудзиямадагы кадыр түн», 1988; «Эрте жаздагы турналар», 1979; «Бөрү зындан», 1983), Сабырбек (Ю. Борецкий, «Ак куулар конгон айдың көл», 1972), Асанбек, Мыкаачы (Д. Садырбаев, «Түркүн тагдырлар», 1977; «Кайран эл», 1991) Кубат (Б. Шамшиев, А. Сүйүндүков, «Эл арасында», 1978), Кулан, Жарчы (Т. Океев, «Отко таазим», 1971; «Ак илбирстин тукуму»,
1984) ж.ана башка каармандардын кайталангыс образдарын жаратуу менен кыргыз кино өнөрүнө зор салым кошкон. Медалдар менен сыйланган.