КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Чаткал кырка тоо­сунун түш. капталында, Касан суусунун сол куй­масы – Кочкор-Атанын ортоңку агымында жай­гашкан. 1956-ж. табылган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде жиреп чыккан гранит ж-а гранит-диорит тектери түзөт. Аларды түн.-чы­гышка созулган тектон. жарака кесип өтөт. Бул аймакта тоо тектер талкаланып, серициттешип, хлориттешип, өзгөрүүгө учураган. Кенташ тул­кулары тектон. жараканы бойлой майда тарам­ча, уя, линза түрүндө жайгашкан. Калыңдыгы 1–2 смден 0,5 мге чейин жетип, курамы гале­нит-сфалериттүү, пирит-арсенопириттүү, гема­тит-магнититтүү.