КОТИРОВКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОТИРО́ВКА (фр. coter – номерлөө, эн салуу) – биржада же рынокто чет элдик валютанын, баалуу кагаздын курсун же товардын баасын коюу. К. актив түрүнө карата валютанын ал­маштыруу курсун, баалуу кагаздардын наркын, кредит үчүн проценттик үстөгүн, товар же сырьё наркын негиздейт. К. биржаларда атайын ко­тировкалоо комиссиясы катталып, биржа сес­сиясынын ачылуу-жабылуу нарктары, о. эле күн­дүн максималдуу ж-а минималдуу наркы анык­талат. К. соодалашуудагы түзүлгөн конъюнк­тураны, сунуш ж-а талап катышын чагылтат. Валюта рыногунда түз ж-а кыйыр К. болуп ай­ырмаланат. Түз валюта К-сында чет элдик ва­люта бирдиги улуттук м-н, кыйырында улут­тук – чет элдик м-н көрсөтүлөт.