КОСМОНАВТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОСМОНА́ВТ (космос ж-а гр. n–utts – деңизде сүзүүчү), а с т р о н а в т – атайын мед.-биол., техника даярдык м-н машыгуулардан өтүп, кос­мостук техникаларды сыноодон өткөрүүгө ж-а космоско учууга катышкан адам; адамдын кос­моско учушунан пайда болгон адистик. К-ты даярдоодо жакшы сапаттарга ээ жөндөмдүү ас­кер учкучтары ж-а сынагыч-учкучтар, инженер­лер ж-а илимпоздор тандалат. Азыркы мезгил­де «космос туристи» деп аталган адамдарга да учууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. К-ты даярдоо СССР-де 1960-жылдан, ал эми АКШда 1959-жылдан башталган. Тунгуч К. Ю. А. Гагарин (1961), Айга биринчи түшкөн К. Н. Армстронг (1969) 2010-жылдын 1-январына карата орбиталык космоско 509 К. а. и. 7 турист учкан, К-тардын катарында мекендешибиз С. Ш. Шарипов да бар.