КОРПУСКУЛА-ТОЛКУН ЭКИЛТИКТҮҮЛҮГҮ (ДУАЛИЗМИ): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРПУ́СКУЛА-ТОЛКУН ЭКИЛТИКТҮҮЛҮГҮ (ДУАЛИЗМИ) – кванттык теориянын бир эле мезгилде корпускулалык (бөлүкчөлүк) ж-а толкундук касиетке ээ экендиги ж-дөгү түшүнүгү. Классикалык физика түшүнүгү б-ча бөлүкчөнүн кыймылы ж-а толкундун таралышы принциптүү ар башка физ. процесстер болуп эсептелет. Бирок жарыктын аракети астында металлдан электрондордун бөлүнүп чыгышы (фотоэффект), электрондордон жарыктын чачырашы (комптон эффекти) ж-а ушул сыяктуу бир катар тажрыйбалар жарыктын классикалык теориясына ылайык толкундук табиятка ээ жарык бөлүкчөлөрүнүн агымына (фотонго) окшош экендигин далилдеди. Фотон жарыктын жыштыгы ж-а толкун узундуктары м-н байланышкан энергияга 0 ж-а импульска p ээ: 0=ri v, р= h/A.
Экинчи жагынан кристаллга келип түшкөн электрондордун агымы толкун түшүнүктөрүнүн негизинде гана түшүндүрүлүүчү дифракциялык сүрөттөлүштү берет. Бул сүрөттөлүш эркин кыймылдагы электронду толкун узундугу ж-а жыштыгы lv=h/р, v=E/ h катыштары м-н байланышкан де Бройль толкуну катары кароо м-н түшүндүрүлөт, мында p – электрондун импульсу, E – электрон энергиясы. Кийинчерээк бул кубулуш бардык микробөлүкчөлөр үчүн мүнөздүү экендиги аныкталды. Анын табигый талкууланышы кванттык механикада түшүндүрүлөт.