КОРПУС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КО́РПУС (лат. corpus – дене, бир бүтүн) – түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кургакта­гы аскерлеринин жалпы аскердик жогорку би­рикмеси. Кызыл Армияда 1919-ж. атчан аскер­лер, 1921-ж. аткычтар К-у түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде Кызыл Армияда аткычтар, атчандар, артиллериялык, аба-десант, авиация, механикалашкан ж-а танк К-тары болгон. Азыркы К-тар, мис., АКШнын армиялык К-у штабдан, бөлүктөрдүн түрдүү кызмат топторунан, 2–4 ж-а андан да көп ди­визиядан (анын 1–2си бронетанкалык) куралып, согуш убагында талаа армиясынын курамында да, өз алдынча да аракеттене алат.