КИБАЛЬНИКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:24, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КИБА́ЛЬНИКОВ Александр Павлович [9 (22). 8. 1912, Саратов губерниясы, Орехово кыштагы – 5. 9. 1987, Москва шаары)] – советтик айкелчи, СССР эл сүрөт­чүсү (1963). СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1954). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1949, 1951), Лениндик сыйлыктын (1959) лауреаты. 1963–1966-жылдары РСФСР сүрөтчүлөр союзунун Москвадагы баш­каруу бөлүмүнө төрага. Монументалист, порт­ретчи.

Третьяков галерея­сынын алдында П.М.Третьяковго тургузулган эсте­лик. Гранит. Моск­ва, 1980.

А. Кибальниковдун чыгармаларына психологизм мүнөздүү. Негизги чыгармалары: Н. Г. Чернышев­скийдин (коло, 1948; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949). В. В. Маяковскийдин (коло, 1954), П. М. Треть­яковдун (мармар, 1962) портреттери (баары Тре­тьяков галереясында); Н. Г. Чернышевскийдин Саратов­догу (коло, гранит, 1953), В. В. Маяковский Москвадагы (коло, гранит, 1958) эстеликтери жана Бресттеги «Брест баатыр-чеп» мемориал­дык комплекси (айкелчи А. О. Бембель, архитектор В. А. Король менен бирге, 1971). Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ад.: А. Кибальников. Альбом / сост. И. Т. Бирюкова.
М., 1982.