КОРДОО ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРДОО ЫРЛАРЫ</b> – элдик оозеки | <b type='title'>КОРДОО ЫРЛАРЫ</b> – элдик оозеки чыгармачылыкта­гы <i>каада-салт ырларынын</i> түрү. Кордоо ырлары кыргыз элинин патриархалдык-феодалдык, уруучулук турмушуна байланыштуу жаралган чыгармалар­да көп кездешет. Жанрдын бул түрү бир уруу менен же бир манап менен экинчи манаптын кол ырчыларынын айтышында кеңири колдонулган. Кордоо ырларын акындардын бардыгы эле бирдей дара­жада ырдай албайт, ар бир акын эстетикалык багытына, табитине, дараметине, сөз тапкыч­тыгына жараша поэтикалык мүмкүнчүлүгүн ачып берет. Кыргыз акындарынан Калмырза кордоо ырларын жаратууга шыктуу болгондугу «Калмырза менен Найманбайдын айтышы», «Калмырза ме­нен Эшманбеттин айтышы», «Калмырза менен Барпынын беттешүүсү», «Калык менен Калмыр­занын ырдашканы» жана башка чыгармаларында даа­на байкалат. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
06:16, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРДОО ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыгармачылыктагы каада-салт ырларынын түрү. Кордоо ырлары кыргыз элинин патриархалдык-феодалдык, уруучулук турмушуна байланыштуу жаралган чыгармаларда көп кездешет. Жанрдын бул түрү бир уруу менен же бир манап менен экинчи манаптын кол ырчыларынын айтышында кеңири колдонулган. Кордоо ырларын акындардын бардыгы эле бирдей даражада ырдай албайт, ар бир акын эстетикалык багытына, табитине, дараметине, сөз тапкычтыгына жараша поэтикалык мүмкүнчүлүгүн ачып берет. Кыргыз акындарынан Калмырза кордоо ырларын жаратууга шыктуу болгондугу «Калмырза менен Найманбайдын айтышы», «Калмырза менен Эшманбеттин айтышы», «Калмырза менен Барпынын беттешүүсү», «Калык менен Калмырзанын ырдашканы» жана башка чыгармаларында даана байкалат.