КОРДОО ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОРДОО ЫРЛАРЫ – элдик оозеки чыг-лыкта­гы каада-салт ырларынын түрү. К. ы. кыргыз элинин патриархалдык-феодалдык, уруучулук турмушуна байланыштуу жаралган чыгармалар­да көп кездешет. Жанрдын бул түрү бир уруу м-н же бир манап м-н экинчи манаптын кол ырчыларынын айтышында кеңири колдонулган. К. ы-н акындардын бардыгы эле бирдей дара­жада ырдай албайт, ар бир акын эстетикалык багытына, табитине, дараметине, сөз тапкыч­тыгына жараша поэтикалык мүмкүнчүлүгүн ачып берет. Кыргыз акындарынан Калмырза К. ы-н жаратууга шыктуу болгондугу «Калмырза менен Найманбайдын айтышы», «Калмырза ме­нен Эшманбеттин айтышы», «Калмырза менен Барпынын беттешүүсү», «Калык менен Калмыр­занын ырдашканы» ж. б. чыгармаларында даа­на байкалат.