КОРГОШУН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОРГОШУН (лат. Plumbum), Рb – элементтер­дин мезгилдик системасынын IV тобунан орун алган хим. элемент, ат. н. 82, ат. м. 207,19. Табиятта туруктуу 4 изотобу бар: 204Pb, 206Pb, 207Pb, 208Pb. Акыркы 3 изотобу радиоактивдүү элементтердин ажырашынан пайда болот. Жер кыртышында массасы 1,6–10-3%ти түзөт. К. таза түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы – гале­нит. PbS (коргошун жалтырагы) бардык суль­фиддик кендерде кездешет. К.– жумшак, иш­тетүүгө ж-а чоюлууга ийкем, боз түстөгү металл; тыгызд. 11,34 г/см3 (20°), б. эрүү t 327,4°С; кай­ноо t 1745°C. Ал оңой кесилет ж-а жукарат. Кадимки шартта атм-нын таасирине ж-а бир топ хим. реагенттерге (суу, аммиак, сода, күкүрт, туз к-таларынын суюлтулган эритмелери ж. б.) туруктуу. Суюлтулган к-таларда эрибейт. Азот, уксус к-таларында, щелочтун эритмесинде жак­шы эрийт. Туз, күкүрт к-таларында эрибейт. Ка­димки шартта абада үстүнкү бети гана окисте­нет да, андан аркы кычкылдануудан коргоочу жука катмар PbO пайда болот. Ысытканда га­логендер, күкүрт, селен, теллур м-н түздөн түз аракеттенет. Хим. бирикмелеринде II валенттүү (IV валенттүүлүк да мүнөздүү). Эки валенттүү К. сууда эрий турган нитраттарды, хлораттарды, ацетаттарды, начар эрий турган хлориддерди, фториддерди ж-а эрибей турган хроматтарды, фосфаттарды, карбонаттарды, молибдаттарды, сульфиддерди пайда кылат. К-ду тазалоодо элек­тролит катары кремний фториди пайдаланылат. К-дун (IV) бирикмелери анча туруктуу эмес. К-ду алуунун негизги сырьёсу болуп К. жаркы­рагы РbS эсептелет. Маанилүү бирикмелери – К. оксиддери PbO, PbO2, Pb2О4 сульфиди PbS, нитраты Pb(NO3)2, хроматы PbCrO, тетратил коргошун Hb(C2H5)4 ж. б. К. көбүнчө сульфид рудаларынан алынат. К. тех. кабелдерди, ак­кумулятор пластинкаларын даярдоодо, күкүрт к-тасын өндүрүүчү заводдо аппаратуралардын негизги бөлүктөрүн даярдоодо, куймаларды алууда (басмакана куймаларын ж. б.), гамма ж-а рентген нурларын жакшы сиңиргендиктен, радиоактивдүү заттар м-н иштөөдө алардан сак­танууда, тетраэтил К-ду өндүрүүдө колдонулат.
К-дун бардык эрүүчү бирикмелери – уу. Дем алуу жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо, ич ооруп, кан басымы жого­рулап, аз кандуулук, полиневрит байкалат, шал болуу да мүмкүн.