КОРГОЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРГОЛ</b> Досуев [1890, Наманган уезди, Сууса­мыр болушу (азыркы Жалал-Абад | <b type='title'>КОРГОЛ</b> Досуев [1890, Наманган уезди, Сууса­мыр болушу (азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Токтобек-Сай айылы) – 1962, Токтогул району, Токтогул совхозу] – төкмө ырчы, комуз­чу. Атасы Досу дыйканчылык, мергенчилик, устачылык менен күн көргөн чебер ко­музчу, энеси мык­ты кошокчу бол­гон. | ||
[[File:КОРГОЛ34.png | thumb | none]] | [[File:КОРГОЛ34.png | thumb | none]] | ||
Коргол комуз черт­кенди атасынан үйрөнгөн. <i>Ниязаа­лы</i> комузчудан таалим-тарбия алып, ырчылык өнөрү 14 жашын­да башталган. Кийин Токтогул­дун эң жакын шакирти болгон. Аны менен бирге жүрүп, ырчылык, комузчулук өнөрүн өркүн­дөткөн. Андан «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Нуржан», «Кедейкан» аттуу дастандарды үй­рөнгөн. Анын «Терс кайрык», «Шыңгырама коштошуу», «Кыз кербез» жана башка күүлөрүн чебер аткарган. Корголдун ырлары («Эски заман», «Ак Ба­кай», «Куйручукка жооп», «Терме» жана башкалар) кыс­калыгы, сөздөрүнүн курч, таамайлыгы менен айыр­маланат. Коргол чоң насаатчы да болгон. Т. <i>Ты­ныбеков</i>, А. Мундузбаев, Т. <i>Абдиев</i> сыяктуу акындар Корголдун ырларынан таалим алышкан. Корголдун чыгармалары бизге толук жеткен жок. Андан айтыш ырларынын, термелеринин айрымдары, Токтогулдун «Алымкан», «Терс кай­рык» жана башка ыр, күүлөрү жазылып алынган. «Опосуз дүйнө», «Ак Бакай», «Өмүрүм», «Дүй­нө», «Жаш кайрык», «Айкүмүш» жана башка обон, күүлөрдүн автору. Ошондой эле элге кеңири белгилүү Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Бекназар, Ку­луке, Алымкул, Токтосун, Калык менен айтыш­тары бар. «Ак Бакайды» комузчу Б. <i>Мадази­мов</i> иштеп чыгып, классикалык күүгө айлан­дырган. «Коргол ырчы» аттуу ырлар, айтыш­тар, терме, эскерүүлөр жыйнактары чыккан (1961, 1993). Анын терең философиялуу чыгар­малары акындар чыгармачылыгынын кайталангыс баа­луу мурасы болуп калды. | |||
үйрөнгөн. <i>Ниязаа­ | |||
өнөрү 14 жашын­да | |||
«Нуржан», «Кедейкан» аттуу дастандарды үй­рөнгөн. Анын «Терс кайрык», «Шыңгырама коштошуу», «Кыз кербез» | |||
«Опосуз дүйнө», «Ак Бакай», «Өмүрүм», «Дүй­нө», «Жаш кайрык», «Айкүмүш» | |||
| 12 сап: | 8 сап: | ||
«Кызыл Кыргызстан», 1938, 11-август; <i>Виногра­дов В.</i> Киргизская народная музыка. Ф., 1958; <i>Соо­ронов О.</i> Бештин бири. Коргол Досу уулу. Коргол. Б., 1993; <i>Турсункан Ко ргол кызы.</i> Атам Коргол жөнүндө // Кыргыз маданияты, 1991, 26-декабрь. | «Кызыл Кыргызстан», 1938, 11-август; <i>Виногра­дов В.</i> Киргизская народная музыка. Ф., 1958; <i>Соо­ронов О.</i> Бештин бири. Коргол Досу уулу. Коргол. Б., 1993; <i>Турсункан Ко ргол кызы.</i> Атам Коргол жөнүндө // Кыргыз маданияты, 1991, 26-декабрь. | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
06:07, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОРГОЛ Досуев [1890, Наманган уезди, Суусамыр болушу (азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Токтобек-Сай айылы) – 1962, Токтогул району, Токтогул совхозу] – төкмө ырчы, комузчу. Атасы Досу дыйканчылык, мергенчилик, устачылык менен күн көргөн чебер комузчу, энеси мыкты кошокчу болгон.

Коргол комуз черткенди атасынан үйрөнгөн. Ниязаалы комузчудан таалим-тарбия алып, ырчылык өнөрү 14 жашында башталган. Кийин Токтогулдун эң жакын шакирти болгон. Аны менен бирге жүрүп, ырчылык, комузчулук өнөрүн өркүндөткөн. Андан «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Нуржан», «Кедейкан» аттуу дастандарды үйрөнгөн. Анын «Терс кайрык», «Шыңгырама коштошуу», «Кыз кербез» жана башка күүлөрүн чебер аткарган. Корголдун ырлары («Эски заман», «Ак Бакай», «Куйручукка жооп», «Терме» жана башкалар) кыскалыгы, сөздөрүнүн курч, таамайлыгы менен айырмаланат. Коргол чоң насаатчы да болгон. Т. Тыныбеков, А. Мундузбаев, Т. Абдиев сыяктуу акындар Корголдун ырларынан таалим алышкан. Корголдун чыгармалары бизге толук жеткен жок. Андан айтыш ырларынын, термелеринин айрымдары, Токтогулдун «Алымкан», «Терс кайрык» жана башка ыр, күүлөрү жазылып алынган. «Опосуз дүйнө», «Ак Бакай», «Өмүрүм», «Дүйнө», «Жаш кайрык», «Айкүмүш» жана башка обон, күүлөрдүн автору. Ошондой эле элге кеңири белгилүү Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Бекназар, Кулуке, Алымкул, Токтосун, Калык менен айтыштары бар. «Ак Бакайды» комузчу Б. Мадазимов иштеп чыгып, классикалык күүгө айландырган. «Коргол ырчы» аттуу ырлар, айтыштар, терме, эскерүүлөр жыйнактары чыккан (1961, 1993). Анын терең философиялуу чыгармалары акындар чыгармачылыгынын кайталангыс баалуу мурасы болуп калды.
Ад.: Бөкөнбаев Ж. Токтогул жана Коргол ырчы//
«Кызыл Кыргызстан», 1938, 11-август; Виноградов В. Киргизская народная музыка. Ф., 1958; Сооронов О. Бештин бири. Коргол Досу уулу. Коргол. Б., 1993; Турсункан Ко ргол кызы. Атам Коргол жөнүндө // Кыргыз маданияты, 1991, 26-декабрь.