КОРГОЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОРГОЛ Досуев [1890, Наманган уезди, Сууса­мыр болушу (азыркы Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Токтобек-Сай айылы) – 1962, Токтогул р-ну, Токтогул совхозу] – төкмө ырчы, комуз­чу. Атасы Досу дыйканчылык, мергенчилик, ус-

тал ык м -н к үн көргөн чебер ко­музчу, энеси мык­ты кошокчу бол­гон. К. комуз черт­ке нди атасынан үйрөнгөн. Ниязаа­л ы к ому зчу дан т а ал и м-тарб ия алып, ырчылык өнөрү 14 жашын­да башт ал ган. Кийин Токтогул­дун эң жакын шакирти болгон. Аны м-н бирге жүрүп, ырчылык, комузчулук өнөрүн өркүн­дөткөн. Андан «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Нуржан», «Кедейкан» аттуу дастандарды үй­рөнгөн. Анын «Терс кайрык», «Шыңгырама коштошуу», «Кыз кербез» ж. б. күүлөрүн чебер аткарган. К-дун ырлары («Эски заман», «Ак Ба­кай», «Куйручукка жооп», «Терме» ж. б.) кыс­калыгы, сөздөрүнүн курч, таамайлыгы м-н айыр­маланат. К. чоң насаатчы да болгон. Т. Ты­ныбеков, А. Мундузбаев, Т. Абдиев сыяктуу акындар К-дун ырларынан таалим алышкан. К-дун чыгармалары бизге толук жеткен жок. Андан айтыш ырларынын, термелеринин ай­рымдары, Токтогулдун «Алымкан», «Терс кай­рык» ж. б. ыр, күүлөрү жазылып алынган. «Опосуз дүйнө», «Ак Бакай», «Өмүрүм», «Дүй­нө», «Жаш кайрык», «Айкүмүш» ж. б. обон, күүлөрдүн автору. О. эле элге кеңири белгилүү Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Бекназар, Ку­луке, Алымкул, Токтосун, Калык м-н айтыш­тары бар. «Ак Бакайды» комузчу Б. Мадази­мов иштеп чыгып, классикалык күүгө айлан­дырган. «Коргол ырчы» аттуу ырлар, айтыш­тар, терме, эскерүүлөр жыйнактары чыккан (1961, 1993). Анын терең философиялуу чыгар­малары акындар чыг-лыгынын кайталангыс баа­луу мурасы болуп калды.


Ад.: Бөкөнбаев Ж. Токтогул жана Коргол ырчы// «Кызыл Кыргызстан», 1938, 11-август; Виногра­дов В. Киргизская народная музыка. Ф., 1958; Соо­ронов О. Бештин бири. Коргол Досу уулу. Коргол. Б., 1993; Турсункан Ко ргол кызы. Атам Коргол жөнүндө // Кыргыз маданияты, 1991, 26-декабрь.