КОНЬЮНКТИВИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОНЬЮНКТИВИ́Т (лат. conjunctivus – би­риктиргич) – көздүн бириктиргич кабыгы – коньюнктиванын сезгениши. Көздүн көп кез­дешүүчү оорусу. Пайда болушуна карата экзо­гендик ж-а эндогендик болуп бөлүнөт. Экзоген­дик К-ти түрдүү микробдор, стрептококктор, стафилакокктор, кептөөр таякчасы, гонококк­тор ж. б., о. эле физ. ж-а хим. факторлордун, ультракызгылт көк нурдун, электр тогунун таа­сири ж. б. пайда кылат. Эндогендик К-тин пай­да болушуна жалпы жугуштуу оорулар (кызыл­ча, скарлатина ж. б.), мурун-кулкун, тиш, иче­ги-карын, боор оорулары себеп болот. Аллергия­лык К. да экзогендик болуп эсептелет. К-тин катуу кармаган ж-а өнөкөт түрү бар. Катуу кар­маган түрүн вирус козгойт. Оору капысынан башталып, көз кызарат, ачышат, көзгө кум түшкөндөй өйкөп, катуу ооруйт. Жарыкты ка­рай албай, көз чылпактайт; көз жапкалары шишимик тартат. Айрым учурда оорулуунун денеси ысып, мурдунан суу куюлат, башы ооруп, уйкусу качат. Өз убагында дарылабай же чала дарылаганда көздүн коркунучтуу ооруларына ж-а өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Өнөкөт К-те көз жапкагы салмактанып, сайгылашкан­сыйт. Көз бир аз кызарат, жаш агып, чылпак­тайт. Оору көпкө созулат, дарылоодо сезгенүүгө каршы ж-а ооруну басаңдатуучу тамчылатма дарылар врачтын сунушу м-н колдонулат. Көз чылпактаганда бор к-тасынын, марганец кыч­кыл калийдин эритмелери м-н жууш керек. К. жаныбарларда да жолугат.