КОНЦЕРТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОНЦЕ́РТ (лат. сoncerto – мелдешем дегенден) – артисттердин алдын ала жарыяланган программа б-ча эл алдында өнөр көрсөтүүсү. К. түрлөрү: музыкалык (симф., камералык, фортепьянолук, скрипкалык ж. б.), адабияттык (көркөм окуу), аралаш (муз. номерлер, көркөм окуу, спектаклдерден, балеттерден үзүндүлөр ж. б.), эстрадалык (жеңил вокалдык ж-а аспаптык муз. чыгармалар, юмордук аңгемелер, пародиялар, цирк номерлери ж. б.). К-ке бир (жеке К.) же бир нече аткаруучу катышат. Жеке ас­паптын же оркестрдин коштоосунда үн үчүн жазылган муз. чыгарма да К. деп аталат. 18-к-дан акад. деп аталган автордук К. кеңири тараган, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен ж. б. өз чыгар­маларын аткарып чыгышкан. Россияда К. 18-к-дын 40–70-жылдарында системалуу мүнөзгө өткөн. Кыргыз академиялык симфониялык оркестри, Кыргыз эл аспаптар оркестри, Комузчулар ансамбли, «Даткайым» скрипкачылар ансамбли, ар кыл муз. коллективдер, ырчылар ж. б. аткаруучулар тарабынан К-тер үзбөй өткө­рүлүп турат.