КОНЦЕРН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНЦЕ́РН (англ. concern – катышуу, кызыгуу) – ө. ж-дагы көп тармактуу корпорациянын экон. жактан үстөмдүк кылуучу азыркы фор­масы. К. алгач Германияда биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болуп– анан Батыштын башка өлкөлөрүнө тараган. К. негизинде конкреттүү корпорациянын капиталынын анын ишмердигинин негизги чөйрөсү м-н байланышпаган тармактарга киришин билдирүүчү өндүрүш­тү диверсификациялоо жатат. К. ондогон ж-а жүздөгөн ишканаларды, ил.-из. мекемелерин, окуу борборлорун, сыноо полигондорун ж-а көп тармактуу экон. комплекстин ишмердигин кам­сыз кылуучу көп бөлүктөрдү бириктирет. К. ишмердигинин маанилүү өзгөчөлүгү, бир жагынан, ички финансылык катуу көзөмөл, экинчи жагынан – ишканалардын, бөлүмдөрдүн, филиалдардын кеңири чарбалык өз алдынчалыгы ж-а продукциянын негизги топтору же райондор б-ча башкарууну борбордон ажыратуу болуп са­налат. К. натыйжалуу иштеш үчүн ил.-тех. жетишкендиктерди кеңири пайдалануу– өндүрүштү системалуу түрдө жаңыртуу, К. ичинде өндүрүштү диверсификациялоо, майда ж-а орто, айрыкча инновациялык ишканалар м-н тыгыз өндүрүштүк байланышта болуу ж. б. иштер жүргүзүлүүгө тийиш.