КОНЦЕПТУАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНЦЕПТУАЛИЗМ (лат. conseptus – ой, түшүнүк) – схоластикалык философиядагы багыт; тааным тажрыйба м-н чогуу байкалат (тажрыйбадан келип чыккан эмес) деген доктрина. К. эмпиризм м-н рационализмдин синтези сыяктуу. Өкүлдөрү: П. Абеляр, Иоанн Солсберийский, Иоанн Дунс Скот ж. б. Жаңы мезгилде К-ге Жон Локк жакын болгон. Универсалийлер тууралуу талаш-тартышта концептуалисттер номиналисттер сыяктуу эле реализм окуусун четке кагып, жалпынын жалгыз нерселерден көз карандысыз реалдуу жашашын танышкан, бирок номиналисттерден айырмаланып, жалпы түшүнүктөрдүн же концепттердин курчап турган дүйнөнү таануунун өзгөчө формасы катары акылда жашашын таанышкан.