КОНФОРМ ГЕОМЕТРИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОНФО́РМ ГЕОМЕТРИЯСЫ – геометриянын өзгөртүүлөргө (конформдук чагылдыруу, б. а. бир бетти экинчи бетке чагылтуу) салыштырмалуу инварианттуу фигуранын касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Багыттар ортосундагы бурч К. г-нын негизги инварианты болуп эсептелет. К. г.– чексиз алыстатылган (өздүк эмес) бир чекит м-н толукталган евклиддик мейкиндикте аныктал­ган, сфераны сферага которуучу чекиттик өзгөртүүлөрдүн фундаменталдуу тобу бар геометрия. Бул мейкиндик конформ мейкиндиги, ал эми фундаменталдуу топ конформ өзгөртүүлөр тобу деп аталат. Конформ мейкиндигинде те­гиздик чексиз алыстатылган чекит аркылуу өтүүчү сфера болот. К. г-нын аныктамасы ар кандай сандагы мейкиндик үчүн жарактуу. Эки өлчөмдүү мейкиндикте сферанын ордуна тегерек (айлана) ж-дө сөз болот. Конформ өзгөртүүлөрүнүн жеке учурлары – кыймыл, окшоштук ж-а инверсия. К. г-га матем. анализ ыкмала­рын (методдорун) пайдалануу конформ диф­ференциалдык геометриянын түзүлүшүнө алып келген.


Ад.: Бушманова Г. В., Норден П. Элементы конформной геометрии. Казань, 1972.