КОНСТРУКЦИЯ (техникада, курулушта): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНСТРУ́КЦИЯ (лат. constructio – түзүү, куруу) – түзүлүш, бөлүкчөлөрдүн өз ара жайгашуусу, кандайдыр бир курулуштун, механизмдин курамы; белгилүү түзүлүштөгү курулуш, механизм ж. б. (мис., көпүрөнүн К-сы, темир-бетондуу К.). Т е х н и к а д а – машина бөлүктөрүнүн өз ара жайгашышы, бириктирүү жолдору, таасир кылуучулары ж-а айрым бөлүктөрдүн кайсы материалдан жасалышы алдын ала каралат. К у р у л у ш т а жаңы К-ны долбоорлоодо бекемдөө ж-а өлчөмдөн ашып ийилип кетпөөсү үчүн ар кандай ыкма колдонулат. Мында туруктуу же убактылуу бекемдөөчү тирөөчтөрдү пайдалануу, негизги ж-а жардамчы устундарды коюу, устундардын туура кесилиш аянтын чоңойтуу, темир К-га айландыруу, кошумча негизги устундарды кошуу ыкмалары да колдонулат. Темир К-нын начар жерлери ага темир кабаттарды же башка элементтерди ширетүү м-н бекемделет. Талап кылынган учурда долбоор б-ча кошумча арматура орнотулуп, бетондон түркүк коюлат.