КОНСЕРВАТОРИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНСЕРВАТО́РИЯ (лат. сonservare – сактоо) – музыка өнөрпоздорун (аспапчы, ырчы, дирижёр), композиторлорду, музыка таануучуларды даярдоочу жогорку окуу жайы. 16-к-да Италияда кароосуз калган балдарды баккан жай К. делген, анда балдар кол өнөрчүлүккө үйрөнүп, муз. сабатка ээ болушкан. Биринчи консерватория Неаполдо 1537-ж. пайда болгон. К-лар атайын жогорку окуу жай катары 18-к-дын аягында ачыла баштап, 1795-ж. Париж К-сы негизделген. Россияда алгачкы К. 1862-ж. Санкт-Петербургда, 1866-ж. Москвада ачылган. Азыр дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө К. бар. Кыргыз улуттук консерваториясы 1993-ж. ачылган.