КОНДИЦИОНЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОНДИЦИОНЕ́Р (лат. condiсio – шарт, абал) – имараттын (же башка жабык жерлердин) ичине берилген

абаны айланышына жараша белгилүү темп-рада ж-а нымдуулукта жөнгө салып туруучу түзүлмө. К. автономдуу (муздаткыч машинасы ж-а аба жылыткычы бар) ж-а автономдуу эмес (жылуулукту ж-а муздактыкты сырттан, ал эми абаны борб. К-ден алган) болуп айырмаланат. Бул система өзүнө муздаткыч,
ысыткыч, нымдаткыч, кургаткыч, аба чыпкасы ж-а шыкагыч желдеткичти камтыйт. Аба имараттын ичине жайгаштырылган киргизүүчү система аркылуу бөлүштүрүлөт ж-а иштелген аба кайра айлантып киргизүүчү система аркылуу кайра колдонулат. Адам өзүн жакшы сезип, дем алуусуна жакшы шарт түзүлөт (к. Абаны кондициялоо). Ысык климаттуу жерде, күнөс жайларда К-ди колдонуу туруктуу ж-а чоң энергия талап кылат.