КУШЧУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУШЧУ , к у т ч у – кыргыздардын сол канат тобуна кирген чоң урууларынын бири. Өз алдынча уруу катары алгач 16-к-дагы «Мажму ат- Таварих», «Тазкира-и-ходжаган», «Тарихи-и Рашиди» ж. б. тарыхый чыгармаларда эскерилет. «Тарих-и Рашидиде» Моголстандын ханы (1380– 99) Кызыр Кожону коштоп жүргөн бир мергенчинин түпкү атасы К. уруусунан чыккан эмир экени айтылат. В. Радлов К. (кучу) уруусу Теңир-Тоо жана Енисей кыргыздарынын этностук байланышын аныктайт деген пикирди айтса, айрым көз караштагылар кытай хроникаларында кезиккен нушибилердин бир уруусу гэшуну К. деп эсептешет. Бирок азыркы К. уруусу менен байыркы түрк урууларынын түз байланышы бар экени так аныктала элек. Башка бир пикирлер б-ча К. адегенде түрктөрдүн аскер наамы (кош беги) же хандын кызматчылары (кушчу – куш сала турган адам) болгон. Негизинен К. уруусу кыргыздын мундуз, кыпчак, коңурат, каңды сыяктуу уруулар менен бирге байыркы уруулардын бири деп таанылат. К-лар этностук компонент катары кийинки ногой, түркмөн, башкыр, өзбек, азербайжан элдеринин арасында да кезигет. Кытай маалыматтарында (Пиндин Чжуньгээр фанлюэ, Сиюй чжи) К-лардын 17–18-к-да Чыгыш Түркстандын саясий турмушуна жигердүү катышканы айтылат. Генеал. уламыштар б-ча К. уруусу жоош жана меңдуулат деген эки бөлүкчөдөн туруп, жоош негизги үч уруу – касымсейит, төрөсейит, тынымсейит; меңдуулат таз кушчу, кара кушчу, көк кушчу, кагасты, чилжубут, шараноот, сакалды ж. б. урууларга бөлүнөт. К. урууларынын негизги бөлүгү Талас өрөөнүнүн баш жагында турушат. Мындан тышкары Чүй (Панфилов, Жайыл, Кемин ж. б.), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Тоң, Түп ж. б.), Нарын (Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Кочкор ж. б.) обл-тарында жана КЭРдин Ак-Чий, Каражүл р-ндорунда жашайт. К. уруусу кыргыз элин түзгөн маанилүү этностук топ болуп эсептелет.
Ад.: Кыргыздар: Санжыра, тарых, мурас, салт. Б., 1991; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1–
2. Б., 2003.
Р. Жолдошов.