КУУРЧАК ТЕАТРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУУРЧАК ТЕАТРЫ – театр оюнунун далдадагы актёрдун жардамы менен куурчакты сахнада ойнотуучу өзгөчө түрү. Куурчак кыймылга келтирүүчү механизмдердин системасына жараша марионетка (жип менен кыймылдоочу)– колго кийме, таякчан, мех. жана көлөкө куурчактар деп бөлүнөт. К. т-ларына катышуучулар куб,

шар, таякча ж. б. шарттуу алынган буюмдар же жан-жаныбар түспөлдүү куурчактар болот. К. т-нын репертуарында сатиралык жана баатырдык-патетикалык пландагы чыгармалар көп кездешет. Мындай театр б. з. ч. эле белгилүү болгон. Анын Пульчинелла (Италия), Полишинель (Франция), Петрушка (Россия), Чоң муштум Палван Качал (О. Азия элдеринде) өңдүүкаармандары бар. Театр оюнунун бул түрү Кырг-нда да өнүгүүдө, к. Кыргыз мамлекеттик куурчак театры.