КУСТО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУСТО́ (Cousteau) Жак-Ив (11. 6. 1910, Бордого жакын Сент-Андре-де-Кюбзак – 25. 6. 1997, Париж) – француз океанографы жана кино режиссёр,

Франция академиясынын (1988), АКШ Улуттук ИАнын (1968) мүчөсү. Бресттеги деңиз мектебин бүтүргөн (1930). 1936-ж. аварияга учурап, окуусун уланткан эмес. К. 1943-ж. инженер Эмиль Ганьян менен бирдикте аквалангды скафандрасы менен (аны менен деңиз түбүнө 90 мге чейин түшсө болгон), кийинчерээк жарык берүүсү бар суу өткөрбөөчү камераны, суу астындагы иштөө мүмкүнчүлүгү бар алгачкы телевизор системасын ойлоп тапкан. 1950-ж. «Калипсо» кемеси менен экспедицияга чыккан. Алардын алгачкы ийгилиги археол. изилдөө жана деңиздин түбүн сүрөткө түшүрүү (7250 мге чейин) болгон. Суу астындагы үйлөр, «Чумкуучу тарелка» аппараты ж. б. ойлоп табуу лары бар. К . «Жымжыртт ык дүйнөсүндө» («В мире безмолвия») ж. б. көптөгөн кеңири белгилүү китептердин автору. Дайвинге арналган «Жымжырттык дүйнөсүндө» фильми (1956, Л. Маль менен бирге), Канн ЭКФтин баш байгесине, «Оскар» сыйлыгына (1957) ээ болгон. Белгилүү фильмдери: «Он сегиз метр тереңде» (1943), «Алтын балык» (1958, «Оскар» сыйл.), «Жарыксыз дүйнө» (1964) ж. б. 1968–76-ж. 36
фильмден турган «Жак Кустонун суу түпкүрүндөгү дүйнөсү» сериалы чыккан. «Кустонун суу түпкүрүнө саякаты» (1977–82), «Түндүк Америкадагы окуялар» (1982), «Амазонка» (1982–85), «Космостогу оазис» (1977), «Дүйнөнү кайрадан ачабыз» (1982–94), «Жак Ив Кусто» (1995–97) телесериалдары да бар. Анын идеяларын жана ачылыштарын көзү тирүү кезинде түзүлгөн Кусто коому жана Кусто командасы жайылтууда. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.