КУРШАП ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КУРШАП ӨРӨӨНҮ Түш. Кырг-ндагы Кара-Да­рыя, Куршап, Кысык-Алма сууларынын шиленди конустарынан орун алган. Чыгышынан Кара-Дарыя, батышынан Отуз-Адыр, түштүгүнөн Кысык-Алма жана Төөчү адырлары, түндүгүнөн Кемпир-Абад босогосу менен чектешет. Өзгөн р-нунун аймагында. Уз. 50 км, туурасы 30–35 км чамасында. Орт. бийикт. 950 м. Антропогендин кум-чополуу, шагыл жана лёсс тектери менен капталган. Шералы дөңсөөлөрүндө лёсс катмарынын калыңдыгы 10–15 мге жетет. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –4,5°С, июлдуку 25–26°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. К. ө. аркылуу Куршап суусу өтөт. Өрөөндүн төмөн жагында Кемпир-Абад суу сактагычы курулган. Боз топурак басымдуу. Табигый өсүмдүктөрү: камыш, ак тикен, чычыр­канак ж. б. Маданий өсүмдүктөрдөн алма, өрүк, шалы, тамеки, таруу, жүгөрү, жүзүм, буудай ж. б. өстүрүлөт. Өрөөндө Куршап, Савай, Жаңы- Арык ж. б. кыш. бар. К. ө-нөн Ошту Кара-Кулжа р-ну менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт.