КУРМАНОВ Карыпбай: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУРМАНОВ Карыпбай (1907, азыркы Чүй обл.,Ысык-Ата р-ну, Кызыл-Арык айылы - 1995, ошол эле жер) - а. ч. ѳндүрүшүнүн ишмери Соц. Эмг. Баатыры (1966). 1943-71-ж. Ысык Ата р-нундагы «Сын-Таш» колхозунун башкармасы болуп эмгектенген. Ал башкарган колхоздо 1959-65-ж. уйдун саны 446дан 591ге,кой 16 миңден 23 миңге чейин

кѳбѳйгѳн. 1965-ж. ар уйдан 2500 кг сүт саалып, ар койдон 3,4 кгдан жүн кыркылып алынган. Кант кызылчасынын дүң жыйымы 2 эсе ѳскѳн. Кыргыз CCP Жогорку Советинин (1955-59, 1963-67, 1971-75) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.