КУНУ АЙБАНАТ ЧАРБАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУНУ АЙБАНАТ ЧАРБАСЫ – мал чарбачылыгынын баалуу тери алуучу тармагы. Негизинен куну айбанаттар – калтар, түлкү, суу күсөн, кемчет, булгун, нутрия ж. б. капаста багылат. Россияда куну айбанаттарды капаста өстүрүү 16–17-к-да башталган. Бирок ал анча өнүккөн эмес, анткени колдо багылган куну айбанат териси жапайыныкынан кымбат турган. СССРде К. а. ч. 20-к-дын 20-жылдарынын аягынан өнүгө баштап, чет өлкөлөргө сатуу үчүн куну айбанат те­рисин даярдоо б-ча адистештирилген совхоздор (Москва, Архангельск, Тюмень обл-нда) уюштурулган. Чет өлкөлөрдө куну айбанаттарды ка­пасканада өстүрүү 19-к-дын аягында (Канадада) башталган. АКШ, Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Канада, Польшада негизинен суу күсөн багуу жакшы өнүккөн. Кырг-нда атайын К. а. ч. болбогону менен, куну багуучу жеке фермерлер бар.