КУНДУЗ ТИКЕН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУНДУЗ ТИКЕН (Есhinops) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы 50–150 смге жетет, түз өсөт, бутактуу, жалбырагынын жээги тегиз же тилкелүү, кезектешип жайгашкан, уз. 10–25 см, туурасы 3–10 см, жээги тикенектүү. Гүлү катуу кирпикчедей ороочтуу, томолок башчадай топ гүлдү түзөт, сабактары бутактын чокусунда жайгашкан. Ар бир гүлү түтүкчөдөй, көгүш кызыл, көк түстө, аталыгы 5, энелиги 1, эки жыныстуу. Мөмөсү үпүчөлүү данча. Жер жүзүндө 130 түрү Евразияда, Жер Ортолук деңиз жээгинде, Түн.-Чыгыш Африкада таралган. Кырг-нда 10 түрү жапыз жана бөксө тоодогу боздоңдо, өзөндө жана шалбаада кездешет. Айрымдары чабынды шалбаанын, жайыттардын отоо чөбү катары тоют чөпкө кыйла зыян келтирет.