КУНДУЗ ТИКЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КУНДУЗ ТИКЕН</b> (Есhinops) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы 50–150 <i>см</i>ге жетет, түз өсөт, бутактуу, жалбырагынын жээги тегиз же тилкелүү, кезектешип жайгашкан, уз. 10–25 <i>см</i>, туу&shy;расы 3–10 <i>см</i>, жээги тикенектүү. Гүлү катуу кирпикчедей ороочтуу, томолок башчадай топ гүлдү түзөт, сабактары бутактын чокусунда жайгаш&shy;кан. Ар бир гүлү түтүкчөдөй, көгүш кызыл, көк түстө, аталыгы 5, энелиги 1, эки жыныстуу. Мөмөсү үпүчөлүү данча. Жер жүзүндө 130 түрү Евразияда, Жер Ортолук деңиз жээгинде, Түн.-Чыгыш Африкада таралган. Кырг-нда 10 түрү жапыз жана бөксө тоодогу боздоңдо, өзөндө жана шалбаада кездешет. Айрымдары чабынды шалбаанын, жайыттардын отоо чөбү катары тоют чөпкө кыйла зыян келтирет.
<b type='title'>КУНДУЗ ТИКЕН</b> (Есhinops) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы 50–150 <i>см</i>ге жетет, түз өсөт, бутактуу, жалбырагынын жээги тегиз же тилкелүү, кезектешип жайгашкан, узундугу 10–25 <i>см</i>, туу&shy;расы 3–10 <i>см</i>, жээги тикенектүү. Гүлү катуу кирпикчедей ороочтуу, томолок башчадай топ гүлдү түзөт, сабактары бутактын чокусунда жайгаш&shy;кан. Ар бир гүлү түтүкчөдөй, көгүш кызыл, көк түстө, аталыгы 5, энелиги 1, эки жыныстуу. Мөмөсү үпүчөлүү данча. Жер жүзүндө 130 түрү Евразияда, Жер Ортолук деңиз жээгинде, Түндүк-Чыгыш Африкада таралган. Кыргызстанда 10 түрү жапыз жана бөксө тоодогу боздоңдо, өзөндө жана шалбаада кездешет. Айрымдары чабынды шалбаанын, жайыттардын отоо чөбү катары тоют чөпкө кыйла зыян келтирет.
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]
[[Категория:4-том, 597-656 бб]]

10:10, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

КУНДУЗ ТИКЕН (Есhinops) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы 50–150 смге жетет, түз өсөт, бутактуу, жалбырагынын жээги тегиз же тилкелүү, кезектешип жайгашкан, узундугу 10–25 см, туу­расы 3–10 см, жээги тикенектүү. Гүлү катуу кирпикчедей ороочтуу, томолок башчадай топ гүлдү түзөт, сабактары бутактын чокусунда жайгаш­кан. Ар бир гүлү түтүкчөдөй, көгүш кызыл, көк түстө, аталыгы 5, энелиги 1, эки жыныстуу. Мөмөсү үпүчөлүү данча. Жер жүзүндө 130 түрү Евразияда, Жер Ортолук деңиз жээгинде, Түндүк-Чыгыш Африкада таралган. Кыргызстанда 10 түрү жапыз жана бөксө тоодогу боздоңдо, өзөндө жана шалбаада кездешет. Айрымдары чабынды шалбаанын, жайыттардын отоо чөбү катары тоют чөпкө кыйла зыян келтирет.