КУЛ ЭЭЛӨӨЧҮЛҮК ТҮЗҮЛҮШ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУЛ ЭЭЛӨӨЧҮЛҮК ТҮЗҮЛҮШ – адамзат тарыхындагы алгачкы таптык коомдук-экон. формация. Алгачкы жамаат түзүлүшүнүн ыдырап бузулушунан улам келип чыккан. Кул ээлөөчүлүк түзүлүштөгү негизги таптар кул ээлөөчүлөр жана кулдар; алар менен катар эркин дыйкандар, кол өнөрчүлөр ж. б. социалдык топтор жашап турган. К. э. т-түн тарыхын эки таптын ортосундагы тынымсыз күрөштөр аныктаган, ушул каршылыктардын нат ыйжасында коомдун кулк-мүнөзү (экон., укуктук нормалары, жашоо мүнөзү, ил. деңгээли, этикасы, дини, философиясы ж. б.) калыптанган. Эң байыркы кул ээлөөчүлүк мамлекеттер б. з. ч. 4–3-миң жылдыктар аралыгында пайда болуп (Месопотамия, Египет), Азия, Европа жана Африканын өнүккөн өлкөлөрүндө (б. з. 3–5-к.), Россия аймагындагы Урарту мамлекетинде (б. з. ч. 9–6-к.) өкүм сүргөн. К. э. т. Байыркы Грекияда (б. з. ч. 5–4-к.) жана Байыркы Римде (б. з. ч. 2–б. з. 2-к.) күчтүү өнүккөн. Бул процесс Рим империясынын түзүлүшү менен аяктаган. К. э. т. бара-бара өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүнө тоскоол болгон. Кулдардын көтөрүлүштөрү кулчулуктун кулашын тездеткен. К. э. т-түн ордуна феодалдык коом келген. Дүйнөдөгү бир топ элдер (германдар, славяндар) кул ээлик түзүлүштү аттап, алгачкы жамааттык коомдон тике эле феодалдык түзүлүшкө өткөн. Азия өлкөлөрүндө, а. и. кыргыздарда К. э. т-түн классикалык формасы болгон эмес. Бирок кыргыздардын социалдык мамилелеринде кул ээси жана кул ин-ттары өзгөргөн түрүндө сакталып калган.